Асаналиева Акылай Айбашевна

Жети-Өгүз РБББ  «Үлгүлүү мугалим-2005′ кароо сынагында 1-орундун жеңүүчүсү.
Ысык-Көл облусунун ОББИ  «Мыкты кыргыз тил мугалими-2005» кароо-сынагында 1- орундун жеңүүчүсү
Жети-Өгүз райондук «Жыл мугалими-2006» кароо-сынагында 1- орун,
Жаш муундарга татыктуу тарбия берүүдө чыгармачылык менен иштегени үчүн Жети-Өгуз Рай БББ, Жети-Өгүз рай администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

2006-жыл Улуттук дөөлөт, рухий мурас- Улуу кыргыз көчүнүн 2- жүрүшү болгон «Ойчул, акын Арстанбек, Калыгул жана Ысык-Көлдүн эл кишиси аттыккан даанышман Акелер» кароо-сынагында «Көлдөн чыккан Акелер» аттуу көрсөтмөлүү сабагын үчүн   Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын губернаторунун II даражадагы Диплому менен сыйланган.
«Жыл мугалими-2006» Ысык-Көл областтык кароо сынагында  «Гран-при»  сыйлыгынын женүүчүсү
2007-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2008- жылы кыргыз тилин өркүндөтүүгө кошкон зор салымы жана тармактагы үзүрлүү эмгектери үчүн Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.
2018-жыл,  октябрь. КМШ мамлекеттеринин билим берүү кызматкерлеринин V съездинин делегаты

2021-жыл, апрель Ардактуу мугалим төш белгиси