Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектептин проектиси ОсОО Бишкек Проектиге таандык, баасы 84 500 000 сомду түзгөн. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кумтөр Голд Компани каржылап ЖАКУ тарабынан салынган. Мектеп имаратын «ОсОО Элдияр-строй» курулуш компаниясы 2011-жылы сентябрь айы салып баштап, 2014-жылы 1-ноябрда 66 994 316 сомго 320 орундуу 12 класс комплектке арналган мектеп ишке берилген.
Мектеп Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, СССРдин эл агартуусунун отличниги, Жети-Өгуз районунун ардактуу атуулу Чылабаев Казыбай Чылабаевичдин наамы Барскоон айыл кеңешинин чечими менен сунушталып, ыйгарылган.
2014-2015- окуу жылында Барскоон айылынын түштүк-батыш тарабындагы жаңы конуштар: Ак Көргөн, Өскөнбай, Геологиянын тургундарынын балдарын, Э.Кендирбаев а.о.мектебинен 333 окуучуну каттап жана 22 мугалимди которуу жолу менен кызматтарга алынып, Асаналиева Акылай Айбашевна директорлукка бекитилген. Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгы Атаканова Алмабүбү Асановнага жүктөлүп, иш алып барып башташкан.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектеп концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

.

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета