Мектептин тарыхы

Мектептин проектиси ОсОО Бишкек Проектиге таандык, баасы 84 500 000 сомду түгөн.

Ысык- Көл өнүктүрүү фонду Кум-Төр Голд Компании каржылап ЖАКУ тарабынан салынган. Мектеп имаратын «ОсООЭлдияр-Строй» курулуш компаниясы 2011-жылы сентябрь айы салып баштап, 2014-жылы 1-ноябрда 66 994 316 сомго 320 орундуу 12 класс комплектке арналган мектеп ишке берилген.

Мектеп Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, СССРдин эл агартуучусунун отличниги, Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу Чылабаев Казыбай Чылабаевичтин наамы Барскоон айыл кенешинин чечими менен сунушталып, ыйгарылган.

2014-2015-окуу жылында Барскоон айылынын туштук-батыш тарабындагы жаны конуштар: Ак-коргон,Өскөнбай, Геологиянын тургундарынын балдарын, Э.Кендирбаев а.о.мектебинен 333 окуучуну каттап жана 22 мугалимди которуу жолу менен кызматтарга алынып, Асаналиева Акылай Айбашевна директорлукка бекитилген. Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгы Атаканова Алмагул Асановнага жүктөлүп, иш алыпбарып башташкан.